Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Стамбул шаарында Айтматовго арналган жыйын өтүп жатат


9-ноябрда Стамбул шаарындагы Айдын Университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналган илимий конференция уюштурулду. Ага Кыргызстандан жана Түркиядан Айтматов таануучулар катышты.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков атайын расмий кат жөнөтүп, жыйынга чогулгандарга ийгилик каалады.

Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды "Айтматов жылы" деп жарыялаган.

Залкар жазуучунун 90 жылдыгына карата Түркиянын булуң-бурчунда ар түрдүү маданий иш-чаралар өтүп жатат.

Жазуучунун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан. (ElB)

XS
SM
MD
LG