“Талибан” ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө даяр эместигин 9-ноябрда Москвадагы жыйында белгилүү болду.
Москвадагы жыйынга “Талибандын” делегациясы биринчи ирет катышты, бирок Ооганстандын өкмөтү расмий өкүлдөрүн жөнөткөн жок.
“Талибандын” делегациясын баштап келген Шер Мохаммад Аббас Станекзайдын “Интерфакс” агенттиги келтирген сөзүнө караганда, талибдер расмий Кабул менен түз сүйлөшүүгө даяр эмес, бирок мунун ордуна Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүнү көздөйт.
Орусиянын оболу быйыл сентябрда Ооганстан боюнча конференция өткөрүү демилгеси ага расмий Кабул катышуудан баш тарткандан кийин токтотулган.
Бул ирет ооган бийлиги Москвага Жогорку тынчтык кеңешинин өкмөт дайындаган мүчөлөрүн гана жөнөттү.
Ооган Тышкы иштер министрлиги 9-ноябрдагы билдирүүсүндө белгилегендей, Жогорку тынчтык кеңеши Москвадагы жыйынга “улуттук, бирок өкмөттүк эмес институт катары” катышты.
Жогорку тынчтык кеңеши - Ооганстандын Тынчтык жана реинтеграция программасынын органы. Ал мурдагы президент Хамид Карзайдын тушунда “Талибандын” өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн уюшулган.
“Талибандын” басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Орусияга беш өкүл жөнөтүлгөнүн, бирок алар Ооганстандын Жогорку тынчтык кеңеши менен “эч кандай сүйлөшүү” жүргүзбөй турганын билдирген.
“Талибан” менен Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңешинин ортосунда бейформал байланыштар ар түрдүү форумдарда буга чейин да болгон. (UE)