Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Орусияда нааразылык акциялардын саны кыйла өстү


Пенсия реформасына каршы Москвадагы нааразылык. 22-сентябрь, 2018-жыл.
Пенсия реформасына каршы Москвадагы нааразылык. 22-сентябрь, 2018-жыл.

Бул тууралуу Экономикалык жана саясий реформалар боюнча Москвадагы борбор билдирди. Алардын эсебинде, 2017-жылдын 1-октябрынан 2018-жылдын 30-сентябрына чейин өлкө аймагында катталган пикет, митинг, жүрүштөрдүн саны 2526га жетти.

Өзгөчө нааразылык акциялар 2018-жылдын үчүнчү чейрегинде экинчи чейрекке салыштырмалуу эки эсе, биринчи чейрекке салыштырмалуу үч эсе көбөйдү.

Анын басымдуу бөлүгү же 74% социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн, мунун ичинен 46,5% пенсиялык реформага байланыштуу болгон.

Орусиянын нааразылык акциялар эң көп өткөн он аймагына Москва шаары менен Москва облусунан тышкары Санкт- Петербург шаары, Ростов, Саратов, Оренбург, Челябинск, Свердлов, Волгоград облустары жана Краснодар крайы кирет.

Элди көчөгө алып чыккандардын эң алдыңкы сабында Коммунисттик партия турат. КПРФ көчө жыйындарынын 36%, оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальный 13% уюштурган.

Быйылкы нааразылык акциялардын 83,4% бийликтен күн мурунтан уруксат алынган, 16,5% макулдашылган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG