Орусиянын Тышкы иштер министрлиги орус тыңчысы катары шектелген офицердин кармалышына байланыштуу Австрия бийлигинин билдирүүсүнө нааразылык билдирди.
Башкы дипломатиялык мекеме бул эки өлкө ортосундагы мамиленин курчушуна алып келерин эскертти.
Буга чейин Орусиянын Австриядагы элчилигинин башкы дипломаты бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакыртылган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги австрия бийлигинин ачык айыптоосун “орунсуз жана таңкалычтуу” деп баалады.
9-ноябрда Австрияда армиянын жакында эле кызматтан кеткен 70 жаштагы офицери Москванын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен кармалган.
Аты аталбаган офицер 1990-жылдын аягынан тартып орус чалгын кызматына миграциялык кризис тууралуу маалымат берип турган. Ал австрия армиясындагы штабда көрүнүктүү эмес орунда иштеп, ар бир эки аптада жаңы тапшырма алуу үчүн орусиялык кураторлор менен жолугуп турган.
Австриянын канцлери Себастьян Курц Орусиянын аракетин кескин айыптап, нейтралдуу өлкөгө карата тыңчылык кылуу ыксыз көрүнүш экенин билдирди. Ушундан кийин өлкөнүн тышкы иштер министри Карин Кнайсль Москвага 2-3 -декабрга белгиленген иш сапарын токтоткон. Дипломат тыңчылык аракеттер далилденсе, эки өлкөнүн мамилеси татаалдаша турганын билдирген.