Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Бычакталган журналист милицияга арыз жазуудан баш тартты


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Жалал-Абадда белгисиз бирөө бычактап кеткен журналист Санрабия Сатыбалдиеванын абалы жакшы.

Дарыгерлер жараат алган колун тигип беришкенин өзү “Азаттык” радиосуна билдирди. Журналисттин айтымында, факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Ал милицияга арыз жазуудан баш тарткан себебин мындайча түшүндүрдү:

- Окуя болгондон кийин 20дай кызматкерге жооп берип жатып чарчадым. Ар кандай суроолор болду. Ал ортодо "сиз сүрөттөп берген адам табылбай калса, кайра өзүңөргө кылмыш иши ачылат. Жалган көрсөтмө үчүн" дешти. Кыргызстан качан айыпкер табылды эле. Ошондуктан баш тарттым.

Баштапкы маалыматка караганда, Санрабия Сатыбалдиевага 9-ноябрда эртең менен үйүнөн чыгып баратканда белгисиз бирөө бычак шилтеген. Жабыркаган журналист азыр ооруканада.

Санрабия Сатыбалдиева - "YouTube" сайтындагы Malina.TV каналынын негиздөөчүсү жана алып баруучусу. Ал эфирден түрдүү социалдык маселелерди көтөрүп чыгып жүрөт. (RsK/КЕ)

XS
SM
MD
LG