Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Трамп мыйзамсыз мигранттарга башпаанек берүү эрежесин катаалдаштырды


Дональд Трамп Индиана штатындагы үгүт жыйынында. 5-ноябрь, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Мексика аркылуу келген мыйзамсыз мигранттарга баш паанек берүүнү чектеген документке кол койгонун билдирди.

Ага ылайык, Мексика аркылуу АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өткөн жарандар качкын макамын алуу үчүн документ тапшыра албайт. Эреженин катаалдашы Кошмо Штаттарга агылган кербендин көбөйгөнү менен байланыштуу.

“Мен ири сандагы мигранттардын көйгөйүн чечүү үчүн белгилүү бир чет элдик жарандардын, мыйзамсыз жана керектүү документтери жок Мексиканын аймагы аркылуу өлкөгө кирүүсүн убактылуу токтотом”, - деп жазылган токтомдо.

Ага катар мыйзамсыз мигранттардын “кыйноо жана куугунтуктан коргонуу боюнча өтүнүч келтирүүнүн башка формаларын” сурануу укугу сакталып калары белгиленген. Бирок кайсы форма экени токтомдо көрсөтүлгөн эмес.

Борбордук Америкадан мигранттардын жаңы агымы келишин утурлай Пентагон ушул айдын башында Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырган. Ага чейин быйыл апрелде да АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 2100 жоокери жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG