Президент Сооронбай Жээнбеков окумуштууларды жана илим кызматкерлерин кесиптик майрамы - Илим күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчы илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу гана эл аралык аренадагы атаандаштыкка туруштук бере ала турганын белгиледи.
- Атамекендик илимий-инновациялык потенциал орто мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторун өнүктүрүүгө багытталышы керек. Бул үчүн илимий чөйрөнү башкаруу системасын, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, илимий-изилдөө институттарынын эскирген системасын алмаштыруу, илим менен өндүрүш ортосундагы байланышты чыңдоо, илимди максаттуу каржылоонун натыйжалуу системасын түзүү, келечектүү жаш окумуштууларды колдоо аркылуу жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо сыяктуу маанилүү маселелерди чечүү милдети турат, - деди Жээнбеков.
Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк илим күнү 2002-жылдан бери белгиленип келет.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл сайын отуздай докторлук жана 200дөй кандидаттык иш жазылат жана анын 10 пайызы комиссиянын сынынан өтпөй калат. Ага карабай өлкө боюнча илимдин докторлору 800гө жетип, кандидаттар үч миңден ашкан. (КЕ)