Президент Сооронбай Жээнбеков “Илим жана техника жагында 2018-жылдагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын офтальмология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору Олжобай Жумагулов, "Дордой офтальмик-сервис“ көз микрохирургиясы медициналык борборунун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты Алмазбек Ботбаевге, ушул эле борбордун врач-ординатору, медицина илимдеринин кандидаты Марта Дикамбаевага, Валентина Усенкого, Азизбек Эшмамбетовго “Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилди.
Мындан сырткары Улуттук илимдер академиясынын академиги, Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабековго, ушул борбордун бөлүм башчысы, медицина илимдеринин доктору Бектур Анаркуловго “Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо“ иши үчүн Касым Тыныстанов атындагы сыйлык берилди. Мындан сырткары бир катар илимпоздор илимий иштери үчүн сыйланды. (КЕ)