Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери арасында 10-ноябрда футбол турнири өткөрүлдү. Беттеш алардын кесиптеши Бакай Сабировдун жаркын элесине арналып, алты команда катышты. Оюнга эл аралык футбол арбитри Бахадыр Кочкаров калыстык кылды.
Бакай Сабиров 2012-жылдан тарта өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук ооруканасынын Жүрөк кан-тамыр бөлүмүндө хирург катары иштеди. Буга удаа Түркиядан билимин жогорулатып келип, “Ош-Кардио” медборборунда перфузиолог катары эмгектенчү. Өткөн жылы 31 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
“Уулум Бакайдын кыргыз медицинасына зор салым кошуу ниеттери бар эле. Ал жүрөккө операция жасалып жатканда канды жасалма айлантып туруучу татаал аппаратты иштеткен Оштогу жалгыз дарыгер болчу. Биз анын аткарылбай калган тилектерин орундатуу максатында атайын фонд ачтык. Кыргызстанда дарыгерлердин айлыгы аз, камкордук жетишсиз экени белгилүү. Ошон үчүн мамлекетке аз да болсо жөлөк болсун деп мындан ары хирургдарга, дарыгер болгусу келген колу жука үй-бүлөлөрдүн балдарына көмөк көрсөтүүнү чечтик. Турнир алгачкысы. Буюрса башка да иш-чараларды өткөрөбүз.” – деди “Бакай Сабиров” фондунун жетекчиси Гүлнара Баатырова.
Фонд буга чейин облоорукананын Жүрөк-кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнө жардам көрсөтүп, эмеректерди алып берген. Эмки окуу жылынан тарта стипендиялык программасын да баштоону пландоодо. (MdN)