Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Макрон менен Меркель Компьенск токоюна барышты


Биринчи Дүйнөлүк согуштан бир эпизод.
Биринчи Дүйнөлүк согуштан бир эпизод.

Ангела Меркель согуштан кийин, Германия менен өнөктөштөрү ортосундагы элдешүү орун алган соң Компьенск токоюна барган алгачкы концлер болду. Немис канцлери жана Франциянын президенти Эммануэль Макрон Биринчи Дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерген салтанатка катышты. Ишемби күнү алар Франциянын түндүгүндөгү Компьень шаарына жакын жайгашкан токойдогу мемориалга гүлчамбар коюшту. Бул жерде 1918-жылы 11-ноябрда Германия менен өнөктөштөр ортосунда аскерий аракеттерди токтотуу боюнча келишимге кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери элдешүүнүн жүз жылдыгына арналган эстеликти ачышты. Компьенск келишимине кол коюлган тарыхый вагондун көчүрүлүп жасалганын көрүштү.

Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктаганына жүз жыл болгонуна байланыштуу уюштурулган иш-чаралардын негизги бөлүгү бүгүн, 11-ноябрда өтөт. Ага Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп катышат. “Немис толкуну” кабарлагандай, жалпысынан бул иш-чарага катышуу үчүн Францияга 98 өлкөдөн делагаттар келет деп күтүлүүдө.

Ишемби күнү Трамп менен Макрондун жолугушуусу Парижде өттү. Эки лидер Ирандагы кырдаал, Сирия, Йемендеги жаңжал, глобалдуу соода жана климаттын өзгөрүшүн талкуулашты.

Буга чейин Дональд Трамп Макронду Европа Биримдигинин армиясын түзүү боюнча айткандарын сындаган. Франция президенти АКШ, Орусия жана Кытайдын басымына туруштук бере турган армия зарыл экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG