Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:45

Калифорниядагы өрт 23 адамдын өмүрүн алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

АКШнын Калифорния штатында чыккан өрттөн каза болгондордун саны 23кө жеткенин "Reuters" агенттиги кабарлады.

Түндүк Калифорниядагы токойдо башталган өрт Парадайс тоолорундагы 6700дөй үйдү жана чакан чарбалыкты каптады. Жергиликтүү бийлик курмандыктардын саны көбөйөрүн божомолдоодо. Учурда 35 кишинин дайыны белгисиз. Болжол менен 40 500 гектар аянтты өрт каптады.

Президент Дональд Трамп кырсыктын чыгышына жергиликтүү бийликти айыптап, "коопсуздук чараларын көргөн эмес" деп сындады. Бийлик өкүлдөрү болсо өрткө климаттын өзгөрүүсү себеп болгонун айтышууда. Өрт каптаган аймактарда миңдеген өрт өчүргүчтөр иш алып барууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG