Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

Трамп менен Эрдоган Хашогжинин өлүмүн талкуулады


Жамал Хашогжи (Хашогги).
Жамал Хашогжи (Хашогги).

АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган Парижде кечки тамактануу учурунда саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнүн себептерин иликтөөнүн жүрүштөрү тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу жекшемби күнү “Дейли мейл” гезити жазды.

Жолугушуу Франция президенти Эммануэль Макрондун чет элдик коноктор үчүн уюштурган кечки тамактануу учурунда болгон. Эки лидердин сүйлөшкөнү боюнча сүрөттөр Эрдогандын расмий сайтына жарыяланды. Ал эми амеркалык президенттин пресс-катчысы Сара Сандерс бул маалыматты “Дейли мейлиге” ырастап, “кечки тамактанууда эки президент катар отурганын жана журналисттин трагедиялуу өлүмүнүн тегерегинде сүйлөшкөнүн” билдирди.

Буга чейин Эрдоган журналисттин өлүмүнө байланыштуу аудио жазуулар АКШ, Германия, Франция жана Британияга берилгенин билдирген.

XS
SM
MD
LG