Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тараткан маалыматка караганда, өлкө аймагындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү үчүн “Диний билим берүүнүн коомдогу орду” деген аталган окуу семинары башталды. Ага муфтий Максатбек Токтомушев, анын орун басары Жоробай Шергазыев, “Бүткүл дүйнөлүк куран жана сүннөт” уюмунун өкүлү, доктор Ахмад Сайфуддин Туркистаний катышты.
Муфтий диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө билим берүү сапатын жогорулатуу, бирдиктүү окуу программасынын негизинде иштөө, студенттердин окуусун жакшыртуу жана алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу боюнча пикирин билдирди. Окуу үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү керектигин белгиледи.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча Кыргызстанда исламий багытта билим берген 114 диний окуу жайы бар. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган 104ү медресе жана окуу борборлор. (КЕ)