Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Парижде Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгы белгиленди


Парижде дүйнөнүн 70 чакты өлкөсүнөн келген жетекчилер Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесине катышты. 1918-жылдын 11-ноябрында бери дегенде 10 миллион кишинин өмүрүн алып кеткен төрт жылдык урушка чекит коюлган. Белгисиз жоокер коюлган жерге, Триумфалдык арканын жанында өткөн салтанатка Орусиянын, АКШнын, Түркиянын президенттери, Германиянын канцлери жана башка лидерлер чогулушту.

Француз мамлекет башчысы Эммануэл Макрон дүйнө лидерлерин “тынчтык үчүн биргелешип күрөшүүгө” чакырды.

Телекамералар президенттер Доналд Трамп менен Владимир Путиндин кол алышканын тартып көрсөтүштү. Буга чейин президенттер Парижде саммит өткөрүшөрү жарыяланып, кийин кездешүү болбойт деп айтылган.

XS
SM
MD
LG