Бишкекте 12-13-ноябрда өлкө жаштарын бириктирген Жаштар конгресси өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы ырастады.
10-ноябрь Эл аралык жаштар күнүн утурлай өлкөнүн жигердүү жаштарын бириктирип, алардын көйгөйлүү маселелерин көтөргөн "Жаштар жумалыгы" Бишкекте 3-ноябрда башталган. Жумалыктын алкагында күн сайын борбор калаанын ар кайсы жеринде жаштардын катышуусун шарттаган, спорт, илим, билим берүү, экология, инновациялар, маданият жана искусствого арналган иш-чаралар уюштурулду. Бул иш-чара конгресс менен жыйынтыкталат. (КЕ)