Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

"Чыңгыз Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы башталат


"Саманчынын жолу" спектаклинен тартылган сүрөт.
"Саманчынын жолу" спектаклинен тартылган сүрөт.

Бүгүн, 12-ноябрда "Чыңгыз Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы башталат. Ага Кыргызстандын, Орусиянын, Азербайжандын, Тажикстандын жана Казакстандын театрлары катышат. Алар 17-ноябрга чейин Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди тартуулашат. Фестиваль Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Кирүү акысыз.

Улуу жазуучунун көзү тирүү болгондо быйыл декабрда 90 жашка чыкмак. Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Таластын Шекер айылында төрөлгөн.

Жазуучунун 90 жылдыгын Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилөө боюнча былтыр президенттин жарлыгы чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG