Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Кадамжайда кыргыз-өзбек ишкерлери жолугушууда


Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжай районунда Өзбекстандын 30дай жана Кыргызстандын 20дай ар тармактагы ишкерлери эки тараптуу кызматташууну күчөтүү максатында жолугушууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчылыгы кабарлады.

Ишкерлер Фергана облусунан келишкен. Тараптар соода-сатык жана экономикалык жактан алака жүргүзүүнүн жол-жоболорун карап жатышат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси акыркы эки жылдан бери жөнгө салына баштады. Президенттердин жана өкмөт башчылардын ар кайсы форматтагы жолугушууларынан кийин чек аралардан өтүү жеңилдеп, түрдүү тармактардын кызматташтыгы жанданган. (JsA\ErN)

XS
SM
MD
LG