Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Ибрагим Жунусовду сунуш кылды. Бул тууралуу маалымат аталган министрликтен алынды.
Жунусовду дайындоо маселесин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 13-ноябрда карайт.
Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Данияр Сыдыков 2018-жылдын март айында президенттик аппараттын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн жетекчилигине дайындалган.
Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келатат. (ErN)