Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана 2019-жылга бюджеттин долбоорун жактырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.
Жыйында каралган мыйзам долбоорунда ошондой эле бюджеттин 2020-2021-жылдарга болжолу да каралган. Аталган мыйзам долбоору боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Суроо-жооптордон кийин мыйзам Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом, ал эми чыгашасы 161,7 млрд. болору белгиленген. Таңкыстык 10,2 млрд. сомдон ашпашы керек.
Ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 2019-жылы 4%, 2020-жылы 4,4%, 2021-жылы 4,2% түзүшү керек. (ErN)