Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

“Бир дүйнө - Кыргызстанды” экстремисттик деп тапкан сот чечими жокко чыкты


Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

Жогорку сот “Бир дүйнө - Кыргызстан” уюмунун отчетторун "экстремисттик" деп тапкан Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, 22-октябрда өткөн соттук отурумдун чечими алардын колуна эми тийген. Жогорку соттун чечимине ылайык эми Октябрь райондук соту ишти кайра карашы керек. Буга улай Исмаилова ал жетектеген уюм мындай чечим чыгарууну сунуш кылган укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин караш үчүн өзүнчө сотко кайрылаарын билдирди.

2017-жылдын 5-январында Октябрь райондук соту “Бир дүйнө - Кыргызстан” кыймылынын "Эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо", "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар: зомбулук хроникасы" аттуу отчетторун экстремисттик материалдардын катарына кошкону быйыл июлда белгилүү болгон. Сот документтерди басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салган. Буга макул болбогон уюм чечимди жокко чыгарууну талап кылып Жогорку сотко кайрылган.

2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу иликтөөнү норвегиялык Хелсинки комитети, “Мемориал” (ADC "Memorial") дискриминацияга каршы борбору, “Фридом Хаус” ("Freedom House") уюму биргелешип даярдаган. Мигранттардын укуктары тууралуу экинчи отчетту “Бир дүйнө - Кыргызстан” Орусияда жайгашкан "Мемориал" укук коргоо уюму менен кошо чыгарган.

Буга чейин Хелсинки комитети Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кат жазып, бул чечимди жокко чыгарууга чакырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG