Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Трамп Путин, Меркел жана Макрон менен ракеталык келишимди талкуулады


Парижде дүйнөнүн 70тей өлкөсүнөн келген жетекчилер Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесине катышты.
Парижде дүйнөнүн 70тей өлкөсүнөн келген жетекчилер Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесине катышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп Парижде Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын мамлекет башчысы Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел жана башка расмий адамдар менен жолугушуп, Орто жана кыска аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди талкуулаган. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди. Жолугушууда Сириядагы жагдай, Түндүк Корея жана башка эл аралык маселелер тууралуу да сөз болгон. Пикир алышуу 11-ноябрда Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдык мааракесинин алкагында эки саатка созулган түшкү тамактануу учурунда болгон.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Дональд Трамп менен сүйлөшкөнүн ырастаган. Анын басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун сөзүнө караганда, кенен сүйлөшүү болгон эмес, президенттер тамактануу учурунда гана амандашып, кыскача пикир алмашкан.

Эки президент Парижде саммит өткөрөрү жарыяланып, кийин ал Франциянын "азыркы саясий маселелер тарых трагедиясын эскерүүгө тоскоол болот" деп санагандыктан болбой калган.

АКШ менен Орусиянын президенттери ушул айда Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте жолугушуусу мүмкүн. 1-декабрда ал жерде "Чоң жыйырманын" саммити өтөт.

Буга чейин Путин менен Трамп 2017-жылы Гамбургдагы "Чоң жыйырманын" саммитинде жана 2018-жылдын июль айында Хелсинкиде атайын жолугушкан.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган. АКШ ноябрь айында ракеталар боюнча “кансыз согуш” доорунан калган келишимден чыгарын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG