“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, Кыргызстанда 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. 13-ноябрда Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап турат. Көпчүлүк аймактарда кар калың жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0...-5,
Нарында түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6 градус болот.
Бишкек шаарында 13-ноябрда түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -2…-4 градус суук болот. (ErN)