Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

АКШ: Демократтар Мюллердин иликтөөсүн коргогон мыйзам сунуш кылышы мүмкүн


8-ноябрда АКШнын бир катар ири шаарларында атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоп калууга чакырган акциялар өттү.
8-ноябрда АКШнын бир катар ири шаарларында атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоп калууга чакырган акциялар өттү.

Демократтардын Сенаттагы лидери Чак Шумер Конгресске 2016-жылдагы шайлоого Москванын болжолдуу кийлигишүүсү, дегеле Дональд Трамптын штабынын орусиялыктар менен алдын-ала сүйлөшүүсү болгон-болбогонун карап жаткан атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсүн коргош үчүн атайын мыйзам долбоорун сунуш кыларын билдирди. Бул тууралуу ал 11-ноябрда CNN телеканалындагы маегинде айтты. Анын сөзү боюнча, эгер азыркы башкы прокурор жана юстиция министри Мэтт Уитакер иликтөөгө көз салуудан баш тартпаса, анда демократтар атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөө жүргүзүшүн атайын мыйзам менен коргоого ниеттенүүдө.

Сенаттагы азчылыктын лидери Чак Шумер демилгени республикачы конгрессмендердин арасынан да колдогондор чыгат деген оюн айтты.

“Эгер ал кала турган болсо, Мюллерге басым жасап, же аны кызматтан алып, конституциялык кризис түзөт. Ошондуктан Конгресс аракеттениши керек” деди Чак Шумер.

АКШнын башкы прокурору жана юстиция министри Жефф Сешнс өткөн аптада кызматтан бошотулуп, анын ордуна мекеменин аппаратын башкарган Мэтью Уитэкер дайындалган. Мурдагы республикачыл саясатчы Уитэкер - Мюллердин иликтөөсүн чектөө зарыл экенин ачык айтып жүргөндөрдүн бири.

8-ноябрда АКШнын бир катар ири шаарларында атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоп калууга чакырган акциялар да өттү.

XS
SM
MD
LG