Тогуз-Торо районундагы “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркында биринчи жолу ондон ашык фототузактар коюлду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Мирлан Дыйканбаев кабарлады.
Уюмдун атайын долбоорунун натыйжасында парктын кароолчулары (егерлер) фотоаппараттарды коюну үйрөнүшкөн жана тоо-таштарга өздөрү жайгаштырышкан.
Гаджеттер парктагы жапайы жандыктардын баскан-турганы жөнүндө маалымат алып турууга, кызыл китепке кирген айбанаттарга мониторинг кылууга жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө жардам берет. Ошондой эле ал браконьерлер менен күрөшүүгө да көмөктөшөт.
Жабдуулар БУУнун Өнүктүрүү программасынын Батыш Тянь-Шанда биотүрдүүлүктү сактоого байланыштуу долбоорунун алкагында сатылып алынган. Ошондой эле жаратылыш паркынын кызматкерлерине кеңсе буюмдары, минген аттарына жабдыктар жана автоунаалар да алынып берилген. Ушул эле долбоордун алкагында Токтогул районундагы “Алатай” жаратылыш паркына да көмөк көрсөтүлүүдө.
Кыргызстанда бир катар жаратылыш парктарында жана коруктарда фототузактар коюлган. (ErN)