Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:30

Кабулда жанкечтинин жардыруусунан алты киши көз жумду


Жарылуу болгон район. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Жарылуу болгон район. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Ооганстандын расмий бийлик адамдарынын маалыматы боюнча, 12-ноябрда Кабулдагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде алты киши көз жумду. Жарылуу исламдын шиит агымын карманган хазар азчылыгы аны бийлик “Талибандан” коргой албай жатканына нааразылык билдирген акциясы өтүп жаткан районго жакын жерде болду. Жанкечтинин күрмөсүнө катылган бомбасы демонстранттарга жете электе жарылган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нажиб Данештин “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, жардыруудан дагы 10 киши жарадар болду. Өлгөндөрдүн арасында полиция кызматкерлери жана карапайым тургундар бар. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Адатта мындай чабуулдарды “Талибан” кыймылы жана “Ислам мамлекети” террордук тобу уюштуруп келет.

Бүгүн Кабулдун батыш райондорунан шаар борборундагы президенттик администрацияга чейин жүздөгөн адамдар негизинен хазарлар жашаган Газни жана Орузган провинцияларында коопсуздук сакталбай, бийлик элди “Талибандан” коргой албай жатканына нааразылык билдирип жүрүшкө чыгышкан.

Ооганстандын Газни провинциясында акыркы күндөрү куралдуу кармаш болду. Расмий өкүлдөр бир күн мурда 15 карапайым адам жана тандалма күчтөрдүн 10 аскери өлгөнүн билдиришкен.

Жергиликтүү бийлик адамдарынын маалыматына ылайык, кечээги түнү Фарах провинциясында да “Талибандын” ооган коопсуздук күчтөрүнө кол салуусунан 37 жоокер мерт болду.

“Талибан” ооган өкмөтү менен 17 жылдан бери согушуп келе жатат. Вашингтондун өкүлү "Талибанды" Кабул менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ынандырууга аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG