Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Ири мунай өндүрүүчүлөр кара май сатууну азайтат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ОПЕК жана башка ири мунай өндүрүүчүлөр, анын ичинде Орусия кийинки жылы мунай сатууну азайтышы мүмкүн. 11-ноябрда Абу-Дабидеги жолугушууда негизги мунай өндүрүүчүлөр "2019-жылы кара май ашыкча өндүрүлөт" деген божомолду талдап чыгышканын билдиришти. "Ушундан улам рынокту тең салмакташ үчүн жаңы стратегиялар каралышы ыктымал", - деп айтылат ОПЕК жана бир катар өлкөлөр жасаган билдирүүдө.

АКШ мунайды, сланец газын өндүрүүнү күч алдырганы, чийкизатты дүйнөлүк рынокко чыгарууну көбөйткөнү маалымдалган. Муну менен мунайга болгон талап мурдагыдан азайган. Брент маркасындагы мунайдын бир баррели 9-ноябрда 70 долларга сатылды. Бул – апрелден берки эң төмөн баа. Быйыл мунайдын баасы 85 долларга чейин жеткен.

XS
SM
MD
LG