Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Кабулдагы жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алды


Кабулдагы жардыруу болгон жер. 12-ноябрь, 2018-жыл
Кабулдагы жардыруу болгон жер. 12-ноябрь, 2018-жыл

12-ноябрда Кабулдагы кеминде алты киши көз жумуп, 20дай киши жаракат алган жанкечтинин жардыруусу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алды. Жардыруу шаардын борборунда, исламдын шиит агымын карманган хазар азчылыгы аларды бийлик “Талибандан” коргой албай жатканына нааразылык билдирген акциясы өтүп жаткан районго жакын жерде болду.

- Мен Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дарбазада тургам, ошол кезде катуу жарылууну уктум. Дароо коопсуздук кызматкерлери, тез жардам машинеси келип, жаракат алгандарды, өлгөндөрдүн сөөгүн алып кетти. Өлгөндөрдүн арасында полиция кызматкерлери жана карапайым тургундар бар, - деди Кабулдун тургуну Лал Адха.

12-ноябрда Кабулдун батыш райондорунан шаар борборундагы президенттик администрацияга чейин жүздөгөн адамдар негизинен хазарлар жашаган Газни жана Орузган провинцияларында коопсуздук сакталбай, бийлик элди “Талибандан” коргой албай жатканына нааразылык билдирип жүрүшкө чыгышкан.

Ооганстандын Газни провинциясында акыркы күндөрү куралдуу кармаштар болду. Расмий өкүлдөрдүн кабарлашынча, хазарлар жашаган Малистан жаан Ягор райондорундагы "Талибан" кыймылы менен кармаштарда тандалма күчтөрдүн 25 аскери өлдү.

Ал эми “Талибандын” өлкөнүн батышында орун алган Фарах провинциясындагы өткөрмө бекеттерге кол салуусунан 37 полиция кызматкери мүрт кеткен. Бул тууралуу ооган бийликтери 12-ноябрда кабарлады.

“Талибан” ооган өкмөтү менен 17 жылдан бери согушуп келе жатат. Вашингтондун өкүлү аларды Кабул менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ынандырууга аракет кылууда.

“Талибандан” тышкары Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук тобу диний азчылыктарга жана өкмөттүк аскерлерге каршы чабуулдарды уюштуруп келет.

XS
SM
MD
LG