Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Тажикстан: түрмөдөгү тополоңдо 50дөй киши өлгөн


Хожент шаарындагы тополоң чыккан түрмө.
Хожент шаарындагы тополоң чыккан түрмө.

Тажикстандын Хожент шаарындагы №3/3 түрмөсүндөгү тополоңдо кеминде 50 киши өлгөн. Жаракат алгандардын саны канча экени белгисиз. Абактын жети кызматкери ооруканада жатат.

“Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы мамлекеттик мекемелердин биринен түрмөдөгү тополоңду басуу маалында өлгөндөрдүн тизмесин көргөн. Анда кеминде 50дөй фамилия бар. Буга чейин окуядан абактын эки кызматкери - Мирсаид Кадыров менен Эхсон Ёкубов каза тапканы маалым болуп, Кадыров Хожент шаарында, Эхсон Ёкубов Матчин районунда жерге берилген.

Бийлик түрмөдөгү тополоң тууралуу ушул күнгө чейин расмий комментарий бере элек.

Ал арада тополоң учурунда мерт болгондорду жабык табытка салып көмүп жатканы маалым болду. Маркумдардын тажиясы милиция кызматкерлеринин көзөмөлү астында өтүп жатат.

Абакта каза тапкан 23 жаштагы Бахром Исмоиловдун энеси Рукия Исмаилова аларга уулу салынган табытты ачууга уруксат бербей койгонун айтты. Ал 8-ноябрда абакка барып, өтө көп “Тез жардам” автоунаасын көргөн.

- Менин уулум көмүлгөн көрүстөнгө дагы үч соттолуучунун сөөгү коюлду, - деди Рукия Исмаилова.

Ал кошумчалагандай, уулу үч жыл мурда Кылмыш кодексинин “жалданмачылык” беренеси боюнча 12 жылга соттолгон.

7-ноябрдан 8-ноябрга оогон түнү Хожент шаарындагы күчөтүлгөн режимдеги абакта тополоң чыккан. Ал үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу алган.

Куралдуу топ менен байланышы бар "Amaq" жаңылыктар агенттиги тараткан маалыматта Тажикстандын түрмөсүндөгү тополоң “Ислам мамлекети” тобунун “согушкери” 7-ноябрдын кечинде абак кайтаруучусуна кол салгандан кийин башталган.

"Азаттыктын" укук коргоо органдарындагы булагы да тополоңду "Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрү уюштурганын билдирди.

- Тополоңду ушул террористтик уюмдун абакта жазасын өтөп жаткан жактоочулары уюштурган, - деди ал.

Хожент шаарындагы №3/3 абагынан соттолуучулар качкан окуялар буга чейин да катталган. Эки жыл мурда бул түрмөдөн Исфаранын тургуну Амонуллохон Носири качып, эки күткөндөн кийин кармалган.

2016-жылдын жайында Рамзуллохон Дадохонов, Хабибджон Юсуфов жана Мирзозариф Каюмов бычак менен абак кызматкерлерин жарадар кылып качып чыгышкан. Хоженттин тургуну, Ирактагы уруштарга катышканы үчүн 14 жылга соттолгон 30 жаштагы Хабибджон Юсупов атып өлтүрүлгөн. Ал эми Мирзозариф Каюмов менен Рамзуллохон Дадохонов кармалышкан.

XS
SM
MD
LG