Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

МАГАТЭ: Иран өзөктүк келишимдеги шарттарды аткарып келатат


Тегерандын Бахаристан аянтындагы ракеталардын жана жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрү. 27-сентябрь, 2017-жыл.
Тегерандын Бахаристан аянтындагы ракеталардын жана жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин сүрөттөрү. 27-сентябрь, 2017-жыл.

Иран 2015-жылы өзөктүк келишимде көрсөтүлгөн чектөөлөрдү карманып келе жатат. Бул тууралуу башкы кеңсеси Венада жайгашкан Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) кварталдык жаңы баяндамасында айтылат. Иран тарап урандын жана аны байытуунун көлөмүн белгиленген чектен ашырган эмес.

Ирандын уран сакталган кампаларындагы акыркы текшерүү 4-ноябрда, Кошмо Штаттар Тегеранга каршы санкциялардын жаңы баскычын калыбына келтирерден бир күн мурда жүргүзүлгөн.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү андан чыкканын жарыялаганда, Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

5-ноябрда АКШнын Иранга каршы санкцияларынын экинчи баскычы күчүнө кирди. Америкалык санкциялардын бул баскычы Ирандын мунай сектору менен каржы тармагын бутага алган.

XS
SM
MD
LG