Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

“Кыргызмунайгаздан” 300 тонна мунай уурдалганы аныкталды


"Кыргызмунайгаз" ишканасы.
"Кыргызмунайгаз" ишканасы.

Кочкор-Атадан Жалал-Абад шаарына түтүк аркылуу келген мунайды уурдап жүргөндөрдүн унаасы кармалды. Бул тууралуу “Кыргызмунайгаз” ишканасынын коопсуздук кызматынын жетекчиси Радиш Сулайманов билдирди. Маалыматка караганда, акыркы бир айдан бери Кочкор-Атадан жөнөтүлгөн мунай өз убагынан кеч жетип жатканы байкалып, ишкананын жетекчилиги түтүктү текшерүүгө аракет кылып келген.

- Түтүк аркылуу чыккан мунай Жалал-Абадга келгиче азайып кеткен учурлар болуп жатты. Ушундан улам катуу талап коюлуп, мунун себеби изилденди. Жөнөкөй жарандар да жардам беришти. 9-ноябрга караган түнү “Портер” үлгүсүндөгү унаага атайын даярдалган идиштерге мунай куюп жаткан адамды көрүп, жергиликтүү тургундар тасмага түшүрүп алышкан.

Милицияга кабар берилип, бирок унаа ээлери качып кетишкен. Бул факт боюнча Сузакта мунай өткөн түтүктү тешип, уурдап алганга ыңгайлаштырган жай табылды. Андан болжол менен 300 тоннадай мунай уурдалган.

Учурда бул ишке тиешеси барлардын аты-жөнү аныкталды. Азырынча алар кармала элек.

2500 адам иштеген "Кыргызмунайгаздын" 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Былтыр 652 млн. сом киреше таап, мамлекетке 792 млн. сом салык төлөгөн. (КЕ/RsK)

XS
SM
MD
LG