Линктер

шаршемби, 19-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:45

Газа: 53 израилдик жабыркады


Палестинанын желегин көтөргөн демонстранттар. 5-ноябрь, 2018-жыл.

Атылган ракеталардан жабыр тарткан израилдиктердин саны 53кө жетти, экөөнүн абалы оор. Мындай маалыматты шейшемби күнү Израилдин "Тез жардам" кызматы өзүнүн "Твиттердеги" баракчасына жазды. Мындан сырткары бир киши орточо оордуктагы жараат алса, 23 киши жеңил жараат менен кайрылган.

Газа секторунан Израилдин түштүк бөлүгүн көздөй жекшемби күнү кеминде 17 ракета атылган. Дүйшөмбүдө Израил армиясынын операциясына жооп кылып ондогон ракета атылып, миномёттор ыргытылган. Израил армиясынын Газа тилкесиндеги операцияларында кеминде 7 палестин мерт болгон.

XS
SM
MD
LG