Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

“Бир дүйнө” фестивалындагы тасмалар телеканалдардан көрсөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Бир дүйнө – Кыргызстан” фестивалына катышкан бардык тасмаларды өлкөдөгү телеканалдардан көрсөтүү сунушталды. Бул тууралуу 12-ноябрда фестивалдын ачылышында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди. Ал ушул багытта телеканалдар менен сүйлөшүү жүрө турганын айтты.

Фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн адам укуктары, экология, жакшы жашоо тууралуу 25 тасма кабыл алынган. Алар шейшемби күндөн тартып Бишкектин төрт кинотеатрында көрсөтүлө баштайт.

Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өткөн. Анын 20дан ашыгы телеканалдар.

Кыргызстанда аналог сигналдары былтыр 15-майда толугу менен токтотулуп, өлкө санарипке өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG