Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Улуттук банк 13 млн. долларга жакын акчаны сатыкка чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 12 миллион 900 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды.

Муну менен өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси ноябрь айын эсепке алганда экинчи жолу, жыл башынан бери сегизинчи жолу интервенция жасады. Башкы банк алты жолу доллар сатса (74,2 млн. доллар), эки жолу долларды сатып алган (20 млн. 550 миң доллар). Акыркы жолу, 5-ноябрда 10 миллион 850 миң долларды саткан.

Соңку 10-15 күндөн бери Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлгөнү байкалууда. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 69.85 сом болсо, акча алмаштыруу жайларда 69.95 тыйындан 70 сомго чейин сатылууда.

Улуттук банк Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG