Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

ИИМ: Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу эки кишиге айып коюлууда


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатына козголгон кылмыш ишинин алкагында эки кишиге айып коюлууда.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсү Сүйүнбек Муңайтбасов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бул кылмыш ишин тергөө мөөнөтү 17-ноябрга чейин узартылган. Иштин алкагында айып коюлуп жаткан эки кишинин бирөөнө Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин негизинде айыбы угузулган.

- Бизде пансионат боюнча эле иш бар. Андан башка жок. Иликтөөдө Эгизбаевдин киши колдуу болгону тууралуу эч кандай белги табылган жок. Ошого байланыштуу коопсуздук эрежелеринин бузулганы боюнча эле пансионатка кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү эки айлык болчу. Андан кийин үч айга, 17-ноябрга чейин узартылган. Анын узартылышына прокуратуранын кошумча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү тууралуу чечими негиз болгон. Маркумдун бутундагы тактар боюнча дооматтар болбоду беле. Ошондон улам кошумча экспертиза өткөрүү зарылдыгы чыккан. Андан кийин экспертиза дайындалды, анын корутундусу даяр болбогонунан тергөөнүн мөөнөтү узартылды. Азыр корутунду даяр. Жакынкы күндөрдө иш сотко жиберилет. Биз тактар боюнча иликтөө жүргүздүк. Экспертиза "ал тактар маркум тирүү кезинде эмес, өлгөндөн кийин пайда болгон" деген тыянак чыгарып берди. Эми айыбын угузмай, сурамай, бөгөт чарасын тактоо деген жумуштар калды. Октябрда бир кишиге айыбы угузулган, эми дагы бирөөнө айыбы угузулат.

Сүйүнбек Муңайтбасов пансионаттын кайсы кызматкерлерине айып коюлуп жатканын "тергөө кызыкчылыгы" деген жүйө менен так айткан жок.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүрүп, мезгилсиз каза болгон.

ИИМ соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

17-августта Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу “Акун” пансионатынын администрациясына жана куткаруучуларга Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин (“Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү”) алкагында кылмыш иши козголгон.

Ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тергеп, иликтеп жатат. Буга чейин Ысык-Көл райондук милициясы иликтеп, кийинчерээк материалдарды облуска өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG