Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Аба ырайы: күн суук болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 13-14-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

14-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Суусамырда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Таласта түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте 14-ноябрда кар, жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -2…-4 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG