Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:09

Сот мамлекеттик сыры бар иштерге адвокаттардын катышуусуна уруксат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мамлекеттик сыр менен таанышууга укугу жоктугу үчүн адвокаттардын жарандарга юридикалык жардам беришине чектөө коюу Баш мыйзамга каршы келет деп тапты. Бул тууралуу Медиа Полиси институтунан алынды.

Соттун чечиминде ошондой эле ага жол берилсе "жарандардын соттук коргоого болгон конституциялык укугу бузулаары" көрсөтүлгөн.

Билдирүүдө айтылгандай, жарандарга жана кызмат адамдарына өз милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик сыр менен иштөөгө туура келсе, анын тартиби “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесинин негизинде ишке ашат.

Практика жүзүндө жашыруун документтер камтылган кылмыш иштерин кароодо көпчүлүк соттор адвокаттарга материалдар менен таанышууга уруксат бербей келген. Буга жактоочулардын мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксаты жоктугу себеп катары айтылчу. Натыйжада бул айыпталуучулардын өз укугун коргоосуна жана аларга квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүгө кедергисин тийгизип келчү.

Буга байланыштуу Азамат Мамбеков аттуу жарандын укугун коргогон Марат Султаналиев аттуу адвокат Жогорку соттун Конституциялык палатасына арыз менен кайрылган.

Конституциялык палата 1-ноябрда кабыл алган чечим Медиа Полиси институтунун колуна эми тийген. (ErN)

XS
SM
MD
LG