Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:04

Адвокат журналисттерди мыйзам бузбоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясынын "Укуктук кеңеш" программасынын автору, юрист Чыңгыз Мырзабеков жол коопсуздугун бузган адамдарды элге жарыялап жүргөн журналисттер мыйзам бузуп жатканын билдирди. Ал Бишкектеги жана аймактардагы телеканалдардын айрым кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн тартип сакчылары менен кошо рейдге чыгып, жол эрежесин бузган жарандардын артынан сая түшүп камерага тартып, телеканалдарга же Интернетке чыгарып жатканын адам укуктарын тебелөө деп мүнөздөйт.

Мындай көрүнүштү токтотуп, мыйзам чегинен чыкпаш керек экенин айткан адвокат Жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча түшкөн арыздарды караган комиссияга сунуш киргизди. Ал "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын 18-беренеси бузулуп жатканын, сотко чейинки учурларда шектүү же айыптуу кишилердин тек-жайын жарыялоо туура эмес болорун эскертет.

- Журналисттер тергөөчүлөрдөй болуп кишилерди суракка алып, аларды чоң кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок кишинин ар-намысы, жеке купуялуулугу деген түшүнүктөр бар эмеспи. Тартип бузуп, камерага түшүп калгандардын бала-чакасы, туугандары башкалардын алдында уялып, бүтүндөй үй-бүлөгө доо кетип жатат. Журналист мыйзамдын чегинде иштеши керек. Тартип бузгандарга чара көрүү - журналисттин эмес, күч органдарынын иши,- деди Мырзабеков.

Адвокат муну менен жол коопсуздугун бузгандардын таламын талашкысы келбегенин, бирок бардык тараптын иш-аракети мыйзамдан аша чаппай, адам укуктары баарынан өйдө экендигин эске алыш зарыл экенин айтты. Ал мындай сунушту Конституциялык палатага жөнөтүүгө камынып жатканын кошумчалады.

Юрист айткан эрежелер Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодексинде да жазылган.

Чыңгыз Мырзабеков менен маекти бул жерден угуңуз:

Адвокат журналисттерди мыйзам бузбоого чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Соңку жылдары жол эрежесин бузгандарды видеого тартып, элге жарыялаган көрсөтүүлөр көбөйгөн. Андай видеобаяндар Интернетте да эң көп көрүлгөн тасмалардын катарын толуктайт.

XS
SM
MD
LG