Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Тажикстан: орус базасына кол салууну көздөгөн 12 киши кармалды


Тажикстандагы орус аскерлери.
Тажикстандагы орус аскерлери.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ноябрдын башында Орусиянын Душанбедеги базасына чабуул коюуну пландаган деп шектелген 12 киши кармалганын ырастады. Комитеттин басма сөз кызматкери Дилшод Абдуалимов "Азаттыктын" тажик кызматынын бул тууралуу бир күн мурдагы маалыматы туура экенин билдирди.

Ал маалыматта "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөсү делген 12 киши 4-ноябрда орус базасынын жанында кармалганы айтылган. Аталган кишилерди Жакынкы Чыгыштагы жоочулардын катарында согушуп келген Вахдат шаарчасынын Сухроб аттуу тургуну жетектээрин окуядан кабары бар булактар "Азаттыктын" тажик кызматына айтып беришкен эле.

Алгач Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети бул кабарды четке каккан болчу.

Тажикстандын үч аймагында: Душанбе, Куляб жана Кургон-Теппа шаарларында 7 миңдей орус аскерлери бар.

Тажик өкмөтүнүн расмий маалыматы боюнча, Сирия менен Ирактагы согушкерлердин катарына кошулган тажик жарандарынын саны миңге жетет.

XS
SM
MD
LG