Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:07

Македониянын мурдагы премьери Венгриядан баш калка сурады


Македониянын мурдагы премьер-министри Никола Груевский.
Македониянын мурдагы премьер-министри Никола Груевский.

Македониянын мурдагы премьер-министри Никола Груевский Венгриядан баш калка сурап жатканын билдирди. Ал мындай билдирүүсүн "Фейсбуктагы" баракчасына 13-ноябрда жарыялады.

"Акыркы бир канча күндө менин өмүрүмө карата сансыз коркутуулар болду. Мен азыр Будапешттемин. Венгриянын бийлигине саясий баш калка сурап кайрылдым",-деп жазды Груевский.

"Reuters" жаңылыктар агенттиги макендон полициясына шилтеме кылып, Груевский мыйзамдуу жол менен чек арадан өтпөгөнүн маалымдады.

Венгриянын өкмөтү азырынча мурдагы македон премьеринин билдирүүсүн тастыктап же четке кага элек.

Македониянын Ички иштер министрлиги билдиргендей, коррупция айыптары боюнча эки жылга абакка кесилген Груевскийди камакка алуу боюнча 12-ноябрда соттун чечими чыккан. Андан үч күн мурда Груевскийдин өзүнө чыккан сот өкүмүн жокко чыгаруу боюнча доо арызы сот тарабынан четке кагылган.

Оппозициядагы VMRO-DPMNE партиясынын мурдагы лидери Груевскийге сот өкүмү май чыккан. Ал 600 миң еврого бааланган кымбат унааларды сатып алууда Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө таасир көргөзгөн деп айыпталган.

48 жаштагы Груевский 2006-2016-жылдары Македониянын өкмөтүн башкарган. Ал саясий куугунтукка кабылганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG