Бишкекте “Академиялык илим: көйгөйлөр жана келечек” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Ал СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалынын 75 жылдыгына арналып уюштурулуп жатат.
Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Тажикстан, Кытай, Беларусь, Украина, Азербайжан, Армения жана башка өлкөлөрдүн илимпоздору келишет. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы билдирди.