Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Түркия Кыргызстанга аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт


Жоокерлер.
Жоокерлер.

Түркия Кыргызстанга аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтөт. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчисинин кызматын аткарып келген Ибрагим Жунусов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Түркия буга чейин 1 млн. долларлык аскердик жардам көрсөтүп келсе, 2019-жылдан тартып ал сумма 2 миллионго көбөйөт.

Ушул тапта Башкы штабдын жетекчилиги Түркияда жүрөт.

13-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырган. Аны бул кызматка Тышкы иштер министрлиги сунуш кылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG