Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Дарыгер өспүрүм кыздын өлүмүнө шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкери 16 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү катары кармалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева ырастады. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбай коюшу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

- Дарыгер Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси менен ("Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу убактысын кошуп эсептөө") Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды. Бул кыз ооруп бейтапканага келсе, аны томографияга түшүүгө жиберет. Андан кийин дары жазып берет. Үчүнчү күн дегенде ийне сайдырып жатканда эсине келбей каза тапкан, - деди ал.

Окуя август айында болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG