Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

КМШ өлкөлөрүнүн чек ара башчылары жолугат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын башчылары 14-ноябрда Токмокто жыйынга чогулат. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, ага Азербайжандан, Армениядан, Казакстандан, Орусиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан келген делегация катышат.

Анда КМШ өлкөлөрүндөгү чек ара маселелери талкууланып, 2018-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылат. Ошондой эле 2019-жылы жасалчу иштердин планы тууралуу сөз болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG