Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Жаңы үч министр ант берди


Улукбек Кочкоров, Чыңгыз Айдарбеков жана Азамат Жаманкулов.
Улукбек Кочкоров, Чыңгыз Айдарбеков жана Азамат Жаманкулов.

Жогорку Кеңеште жаңы шайланган министрлер Чыңгыз Айдарбеков, Азамат Жаманкулов жана Улукбек Кочкоровдор ант берди. Ант берүү аземине президент, премьер-министр жана парламент депутаттары катышты.

Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине 17-октябрда дайындалган. Мурдагы министр Эрлан Абдылдаев 12-октябрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп 25-октябрда дайындалган. Бул министрликти жетектеген Таалайкүл Исакунова кызматтык сапарларына байланыштуу чырдан кийин иштен кеткен.

Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп 26-октябрда дайындалды. Мекеменин ага чейинки башчысы Султан Жумагулов 8-октябрда 59 жашында каза болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG