Ысык-Көл облусунда бала бакчалар менен мектептерди чайдын ордуна накта компот менен камсыздоо иши жөнгө салынууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна “Айылдык жаштарды жумуш менен камсыз кылуу” (АВЕП) коомдук фонду кабарлады.
Фонддун маалыматына караганда, мындай тажрыйбаны 20 айылдагы өз алдынча уюшуп, фермердик топ катары иштеп жаткан кыз-келиндер жамааты ишке ашырууда.
“Чайды ичкенде андагы "танин" деп аталган зат организмге керектүү болгон темирди, башка пайдалуу элементтерди күйгүзүп кетет. Ал эми алма, өрүк, карагат жана башка түрдүү өсүмдүктөрдөн жасалган табигый компот ден соолукка пайдасын гана берет” дешет алар.
АВЕП коомдук фонду быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата социалдык долбоор катары сунуш жазып, Финляндиянын элчилиги аркылуу Ысык-Көл облусундагы 20 фермердик жамаатка как кургатуучу 20 жабдууну бекер таркатып берген. Ал жабдуулар негизинен энергияны күндүн нуру аркылуу топтоп, экологиялык жактан таза, сапаты мыкты как кургатканга ылайыкташкан. (RK)