Кыргызстанда азыр 191 мектеп жана 2 бала бакча авариялык абалда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 14-ноябрда парламентте мектептер менен бала бакчалардын абалы тууралуу маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр өлкө боюнча 158 мектеп үч нөөмөт менен балдарды окутуп жатат. Ал мектептерге кошумча орундар керек. Мындан тышкары, 380 мектеп капиталдык ремонтко муктаж.
Өкмөт бул маселелерди республикалык бюджеттин жана Сауд Арабиясынын жардамынын эсебинен чечүүнү көздөп жатканы белгилүү болду. (NT)