Спорттогу жетишкендиктери үчүн Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Төрөкан Багынбай уулу, Дарья Маслова жана Эламан Догдурбек уулу "эмгек сиңирген спорт чебери" наамына ээ болушту. Аларга сыйлык тапшыруу салтанаты 13-ноябрда Бишкекте, Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөнүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Жеңил атлет Дарья Маслова быйыл Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды утканы үчүн Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом акчалай сыйлык алды.
"Эл аралык даражадагы спорт чебери" наамы балбандар Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго, Амантур Исмаиловго, Айпери Медет кызына жана Мээрим Жуманазаровага берилди.
Спортчулар быйыл Азия оюндарында, Азия жана дүйнө чемпионаттарында алтын, күмүш байгелер менен кайтышкан.
Мындан тышкары спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн спорттун ар кайсы түрү боюнча машыктыруучулар Сергей Кладновго, Абдулжалил Юнусовго, Данияр Жусубалиевге, Байгазы Кенжебаевге, Сүймөнкул Табалды уулуна жана Муртазали Муртазалиевге "эмгек сиңирген машыктыруучу" наамы ыйгарылды. (GT)