Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Жалал-Абадда “Business Caravan” бизнес-форуму өтүүдө


Жалал-Абаддагы “Business Caravan” бизнес-форуму.
Жалал-Абаддагы “Business Caravan” бизнес-форуму.

Жалал-Абад шаарында "Business Caravan" долбоорунун алкагында ишкерлер үчүн масштабдуу бизнес-форум өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” JIA бизнес-ассоциациясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн төрагасы Анарбек Малабаев билдирди.

Форумга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Бишкек жана Жалал-Абад облустарынан чогулган 250дөн ашык ишкер катышууда.

Бизнес-форум аймак аралык мамилени ишкердик аркылуу жандандыруу максатын көздөйт. Анын жүрүшүндө ишкерлер бири-бири менен кызматташтык тууралуу келишим түзүп, өз ара тажрыйба алмаша алышат.

Иш-чара JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Эл аралык эмгек уюмунун жана жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен өткөрүлүп жатат.

JIA бизнес-ассоциациясы 2006-жылы Бишкек шаарында демилгелүү жана идеялуу ишкерлердин аракети менен түптөлгөн. Ассоциация өлкөнүн ири облустарындагы чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн башын бириктирет жана миңден ашык мүчөсү бар. Анын өкүлчүлүктөрү АКШ, Жапония, Кытай, Украина, Монголия жана Индия мамлекеттеринде жайгашкан. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG