Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Британ мусулмандары Асия Бибиге башпаанек берүүгө чакырышты


Асия Биби.
Асия Биби.

Британ өкмөтүн пакистандык христиан аял Асия Бибиге башпаанек берүүгө чакырган кайрылууга жергиликтүү таанымал мусулмандар, анын ичинде үч имам да кошулду. Өлкөнүн ички иштер министри Сажид Жавидге багытталган кайрылууга британ парламентинин он беш депутаты да кол койгон.

“Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди” деген айыптын негизинде өлүм жазасына кесилген христиан аял Асия Бибинин өкүмүн Пакистандын Жогорку соту 31-октябрда жокко чыгарган болчу. Пакистанда бул чечимге каршы чыккан ашынган исламчыл партиялар нааразылык акцияларын уюштуруп, алар башаламандык менен коштолгон. Өкмөт бул акциялардан кийин Асия Бибинин иши кайра караларын да билдирген.

Бибинин күйөөсү Пакистанда үй-бүлөсүнүн өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын айтып, Батыш мамлекеттеринен башпаанек сураган. Бибинин адвокаты Сайфул Мулоокко Нидерланд өлкөсү утурумдук башпаанек берип, ошондон улам ал Исламбаддагы элчилигинин кызматкерлерин чакыртып алууга да аргасыз болду. Нидерланд өкмөтүнүн билдиргени боюнча, анын Исламабаддагы дипломаттары опузага дуушар болгон.

Беш баланын энеси Асия Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Райондук соттун өкүмүн кийин, 2014-жылы Жогорку соттун Лахор шаардык бөлүмү бекиткен. Бирок Бибинин адвокаты апелляциялык арыз менен кайрылгандыктан эң жогорку жазаны аткаруу убактылуу токтотулган. (UE)

XS
SM
MD
LG