Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстанда "Фабула" гезити чыкпай калды


Кыргызстандагы гезиттер. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы гезиттер. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда "Фабула" гезити 18-октябрдан тартып чыкпай калды. Мындай маалыматты гезиттин башкы редактору Тилек Рыскулов "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, иштин токтошуна каржылык кыйынчылык жана басылмага жазылгандардын саны азайып кеткени себеп болду.

Ушундан улам жана заман талабына ылайык иштөө максатында гезитти жаап, сайт форматына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жакында гезиттин базасында жаңы сайт иштей баштайт.

"Фабула" гезити Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековго таандык болчу. Басылманын башкы редактору Тилек Рыскулов Момбеков депутат болгондон кийин гезитти жамаатка таштап, ошондон тартып басылма өз алдынча иштеп келгенин айтууда.

"Фабула" буга чейин бир жумада эки жолу чыгып келген. (NT)

XS
SM
MD
LG